Аяк оона 08, 2024
Убакыт: 07:27
USD
84.10
84.60
EUR
92.80
93.80
RUB
0.920
0.960

Айсулуу Мамашова, ЖК депутаты: “Пробация адамга олутуу зыян алып келбеген майда кылмыштарга гана колдонулууга тийиш”

05.06.2024 18:15
3025
Айсулуу Мамашова, ЖК депутаты: “Пробация адамга олутуу зыян алып келбеген майда кылмыштарга гана колдонулууга тийиш”


- Айсулуу Турусбековна, жакында эле Таласта үрөй учурган окуя болду. Укук коргоо органдары териштире келишсе, өз келинин эки баласы менен өлтүргөн зөөкүр мурда соттолуп, пробация менен бошоп чыккан киши экен. Ушундан улам биздин соттор пробацияны канчалык туура колдонуп жатат дейсиз?


- Бүгүнкү күндө пробация өзүнүн жакшы жактарын көрсөтө албай жатат десек болот. Чынын айтсам, мен пробациянын натыйжаларын көрүп, аны Кыргызстанда колдонгон азырынча эрте окшойт деген ойго келип жатам. Анткени, Таласта болгон окуяны окуганда эки күн уктай алган жокмун. Себеби, биз түрмөдө отуруп чыккан адамга пробация менен жаңы кылмыш жасаганга жол ачып бердик. Буюрса, келе жаткан жума күнү фракция менен чогуу иликтеп, “пробация кандай натыйжаларга алып келди?” деген маселени көтөргөнү жатабыз. Бул өтө манилүү. Анткени, биз пробациянын жакшы жактарын азырынча көрө элекпиз. Жоопкерчиликтен качканга жол ачылды. Балким, биздин өлкө үчүн аны колдонуу азырынча эртедир. 


- Бирок, жолдон адашып, кокусунан жаман жолго барып калган, майда-барат кылмыш жасагандарга карата ал керек эле го, кандай дейсиз?


- Пробация адамга олутуу зыян алып келбеген майда кылмыштарга гана колдонулууга тийиш. Бирок, өкүнүчтүү жери, бизде зөөкүрлөр да чыгып кетип атпайбы. Бул туура эмес. Ар бир кымышкер кылган кылмышына жараша жазасын алышы керек. Анан жөн эле психолог менен бир айда бир жолу жолукса жолугуп, жолукпаса жок жүрө бергенде... Мендеги маалымматтар боюнча, болгону 11 эле психолог бар экен. Бул өтө эле аз. 


- Бирок, негизи сиз пробацияга каршы эмессиз да?


- Калтыра турган бөлүктөрү бар, бирок аны зөөкүрлөргө колдонууга каршымын.   

Булак: "Азия Ньюс" гезити


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн