Бугу 15, 2024
Убакыт: 02:34
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Айсулуу Октябрьина эмне үчүн “Эмгек” партиясын тандап алганын айтты

23.03.2021 09:55
2825
Айсулуу Октябрьина эмне үчүн “Эмгек” партиясын тандап алганын айтты



“Эмгек” саясий партиясынан Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкерлигин коюп жаткан Айсулуу Октябрьина билимдүү, көп тил билген, патриот, келечеги кең кыздарыбыздын бири. Ал бизге буга чейинки басып өткөн жолу, келечек пландары тууралуу айтып берди. 


- Айсулуу айым, кеп башында өзүңүз тууралуу айта кетсеңиз?

- Менин аты-жөнүм Октябрьина Айсулуу Бакытовна. 31 жаштамын. Нарын шаарында 1989-жылы 9-майда төрөлгөм, балалыгым ошол жактан өткөн. Орто мектепти аяктагандан кийин 2007-жылы Бишкек шаарындагы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Экономика жана башкаруу факультетинин “Менеджмент” бөлүмүнө тапшырып, 2012-жылы окуумду ийгиликтүү бүтүрдүм. Ошондой эле 2008-2013-жылдары Кыргызстан эл аралык университетинин юридикалык факультетин аяктагам. Андан соң Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясына магистратурага тапшырып, укук магистри кесиби боюнча артыкчылык дипломун алгам. Төрт тилде сүйлөйм – кыргыз, орус, түрк жана англис тилдеринде. Учурда сүйүктүү жар жана бир уулдун апасымын.


- Айсулуу айым, жаңылбасам сиз саясатка жаңыдан аралашып жатасыз. Бул убакытка чейин эмне менен алектенип келдиңиз эле жана саясатка аралашууңузга кандай себептер болду?


- Туура эле баамдап жатасыз. Башында айтканымдай, кесибим боюнча менеджмент жана юристмин. Өз кесибим боюнча иштеп жүрүп саясатка келип калдым десем да болот. Тагыраак айтканда, 2016-жылдан 2019-жылга чейин борбор калаабыздагы Эл аралык Ала-Тоо университеттинде укук кафедрасында сабак берип келдим. Анан эл арасында жүрүп көптөгөн көйгөйлөрдү көрдүм. Анан ошол көйгөйлөрдү чечүү үчүн элге колуман келишинче жардамымды бердим. Бирок, ал көйгөйлөрдү тамырынан же масштабдуу деңгээлде чечүүгө мүмкүн болбойт экен. Анткени, айрым мыйзамдардын чийкилиги же болбосо бюрократия бир ишти алдыга жылдырууда чоң тоскоолдуктарды жаратаарын туйдум. Ошондон улам элдин көйгөйлөрүн көтөрүп, айрыкча жөө жүргүнчүлөр жүрүүчү тротуарлардын абалынын начардыгы, веложолдордун жоктугу, унаа токтотуучу жайлардын жетишсиздиги сыяктуу маселени түп тамырынан чечип, элге ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жана шаарыбызды өнүктүрүүгө өз салымымды кошойун деген максатта саясатка аралашууну туура көрдүм. Кудай буюруп, шаардык кеңешке депутат болуп келип кала турган болсом, жогорудагы айтып өткөн көйгөйлөрдү көтөрүп, аны чечүүгө бар күчүмдү жумшайм.

- Сиз учурда Бишкек шаардык кеңештин депутаттыгына ат салышуу үчүн “Эмгек” партиясы менен бара жатасыз. Бул партия башка партиялардан кандай өзгөчөлүктөргө ээ?

- Өзүм буга чейин бир дагы саясий уюмга мүчө болгон эмесмин. Негизи “Эмгек” партиясынын программасы менен толук таанышып чыккандан кийин, жаратман команданын катарына кошулуу чечимин кабыл алдым. Бул туура чечим болгонуна бүгүн көзүм жетип отурат. Анткени, бул партиянын жүзү жарык, келечеги бар партия деп ишенимдүү түрдө айта алам. Андан сырткары партиянын артынан буга чейин ар кандай жаман сөздөрдүн ээрчигенин уккан да жана көргөн да жокмун. Кыскача айтканда ызы-чуусу жок партиялардын бири. Ошондой эле партиянын алдына койгон реалдуу, конкреттүү жана келечектүү пландары бар. Ал пландарды ишке ашырууга демилгелүү жаштар, тажрыйбалуу, кесипкөй, эмгектин бардык баскычтарын басып, ысык-суугун көргөн аткаруучуларыбыз бар экенин өзгөчө белгилеп кетким келет. Башкача айтканда, партиянын мүчөлөрү элибиз үчүн, мамлекетибиз жана шаарларыбыз үчүн чын жүрөктөн күйүп, жоктон бар кылган патриот адамдар. Буюрса, алар өлкөбүздөгү шаарларыбыздын, анын ичинде өзгөчө Бишкек шаарыбыздын моюнундагы жүктү өзүнө алууга даяр. Биздин партия шаардын өнүгүүсүнө, шаардыктардын жашоосунун жакшыруусуна өз салымдарын кошоруна мен ишенем. Себеп, биздин партия шаардын көйгөйүн ичтен жакшы билет жана ал маселелерди чечүүдө жаңы, натыйжалуу ыкмаларды тандап алып, ишке ашырууну максат кылып жатышат.

- Биздин суроолорубузга жооп бергениңиз үчүн рахмат. Иштериңизге ийгилик жана шайлоодо жеңишке жетишиңерди каалайбыз.

- Чоң рахмат, сиздерге да ийгиликтерди каалайм. Шайлоодо ар бирибиз татыктуу тандоо жасап, сүйүктүү Бишкек шаарыбызды бирге өнүктүрөлү!


*** "Эмгек" саясий партиясынын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Н.Омуралиева тарабынан каржыланды


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн