Бугу 10, 2024
Убакыт: 21:38
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Айсулуу Тыныбекова Азия оюндарында коло байгеге ээ болду

06.10.2023 16:07
943
Айсулуу Тыныбекова Азия оюндарында коло байгеге ээ болду


Кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Айсулуу Тыныбекова Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарында коло байгеге ээ болду.


Кыргызстандык балбан 62 килограмм салмакта алгач таиланддык спортчу менен беттешип, аны 14 секунд ичинде уткан. Чейрек финалда япониялык Нонока Озаки менен күч сынашып, 3:1 эсебинде жеңилди. Кийин Озаки финалга өткөндүгүнө байланыштуу спортчу жубатуучу беттеште вьетнамдык атаандашын 10:0 эсебинде утту. Ал эми чечүүчү беттеште казак балбаны Ирина Кузнецованы 2:1 эсебинде утуп, коло байгеге ээ болду.


Белгилей кетсек, Айсулуу Тыныбекова 2018-жылы Индонезияда өткөн Азия оюндарында 1-орунду ээлеген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн