Бугу 03, 2024
Убакыт: 09:53
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Айсулуу Тыныбекова Дүйнө чемпионатын жеңиш менен баштады

04.10.2021 15:57
1253
Айсулуу Тыныбекова Дүйнө чемпионатын жеңиш менен баштады

Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова Норвегиянын борбору Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнөлүк чемпионаттын алгачкы беттешинде жеңишке жетишти.


Тыныбекова 62 килограмм салмакта япониялык Нонока Озакиге 4:0 эсебинде утулуп бара жаткан. Беттештин аягында эсепти 6:4кө өзгөртүп жеңишти камсыз кылды.


Кыргызстандык балбандын кезектеги атаандашы Мерве Карадеңиз (Түркия) менен Вераника Иванованын (Беларусь) беттешинен кийинки жеңүүчү болмокчу.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн