Олимпиаданын күмүш медаль ээси Айсулуу Тыныбекова социалдык тармактагы баракчасы аркылуу анын атына ачылган фейк аккаунтту жабууга жардам сурады.
Анын айтымында, Айсулуу Тыныбекованы атына ачылган фейк аккаунт алдамчылык менен элдин башын айлантууда.
"Урматтуу достор!
Менин атымдан белгисиз адамдар Фейсбукта фейк баракча ачып алдамчылык менен акча табуунун аракетин көрүп жатышат. Мындай көрүнүшкө капамын жана баракчанын ээлеринен ар түрдүү жалган акцияларды уюштурбоону өтүнөм.
Тилекке каршы, бул фейк маалыматка ишенип миңдеген адамдар акцияга катышып жаткандары көрүнүп турат",- деди Тыныбекова.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн