Бугу 05, 2024
Убакыт: 06:09
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Айсулуу Тыныбекова Poddubny Wrestling League турнирине катышат

27.07.2023 13:46
776
Айсулуу Тыныбекова Poddubny Wrestling League турнирине катышат

Кыргызстандык атактуу спортчу кыз Айсулуу Тыныбекова Поддубныйдын эл аралык күрөш лигасынын турнирине (PWL) — "PWL-5. Шериктештик кубогуна" катышат. Бул туурасында турнирдин сайтында айтылган.

Спорттук иш-чара 26-июлда башталган, ал үч күндөн кийин, тагыраагы, ушул айдын 30унда аяктайт.

"29-июлда World Series — дүйнөдөгү мыкты балбандар кармашкан форматтагы беттеш болот. Кыз-келиндер күрөшүндө 62 килограмм салмак категориясында дүйнөнүн жана Европанын юниорлор арасындагы чемпиону, PWL турниринин төрт жолку жеңүүчүсү Алина Касабиева жана Токиодогу Олимпиаданын күмүш медалынын ээси, дүйнөнүн эки жолку чемпиону, кыргызстандык Айсулуу Тыныбекова беттешет", — деп айтылган маалыматта.

Россия чемпиондугундагы ийгилигинен кийинки маегинде Касабиева PWL-5 алкагында "Айсулуу Тыныбекова менен беттешсем" деген ниетин билдирген.

Сайт алар Будапешттеги рейтингдик турнирдин чейрек финалында килем бетинде жолугуп, Алина туше менен жеңилип калганын белгилеген.

"Атактуу атаандашы (Тыныбекова – ред.) россиялык спортчуга жеңил кармаш тартуулабайт. Сезонду кыйынчылык менен баштаган Айсулуу Тыныбекова, кыязы, Азиянын чемпиондугу менен рейтингдик эки турнирде жеңишке жетип, жакшы тапка келип калды", — деп баа берген алар.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн