Аяк оона 08, 2024
Убакыт: 05:56
USD
84.10
84.60
EUR
92.80
93.80
RUB
0.920
0.960

Айсулуу Тыныбекова Poland Open-2020 турнирде алтын тагынды

07.11.2020 09:30
2587
Айсулуу Тыныбекова Poland Open-2020 турнирде алтын  тагынды

Польшада өтүп жаткан Poland Open-2020 турниринде Айсулуу Тыныбекова алтын медаль тагынды. 


Анын биринчи беттеши Россиялык күрөшчү Ульяна Тукуренова менен болуп, мелдеш 12:3 эсебинде кыргыз балбан айымдын пайдасына чечилген. 


Экинчи беттеши Африканын чемпиону Тунистик Марва Амри менен орун алган. Беттеште Тыныбекова атаандашынын ийнилерин жерге басып жеңген. 


Ал эми Айсулууга алтын медалды алып келген беттеште күрөшчү айым Россиялык Анжела менен кез келип, күрөш 9:0 эсебинде кыргызстандык күрөшчүнүн пайдасына чечилген. 


Бул турнирде Айсулуу Тыныбековадан сырткары Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова, Нураида Анаркулова жана Назира Марсбек кызы катышууда.

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Таалайкул
Азаматсын Айсулуу сени менен сыймыктанабыз. Бактылуу бол жан кыз
Кыз сайкал маладес омурун берсин
Кыз сайкал молодец омуруну берсин