Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 01:25
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Айсулуу Тыныбекова Польшада өтүп жаткан турнирде алтын медаль тагынды

11.06.2021 07:06
1731
Айсулуу Тыныбекова Польшада өтүп жаткан турнирде алтын медаль тагынды

Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова Польшада өтүп жаткан күрөш боюнча Ziolkowski, Pytlasinski, Poland Open мелдешинде алтын медаль багындырды. Бул тууралуу United World Wrestling уюмунун расмий сайтында айтылат.


Мелдеш 8-13-июнь күндөрү Варшава шаарында өтүүдө.


Тыныбекова 62 кг салмакта алгач россиялык Любовь Овчарова менен килем үстүнө чыгып, аны 14:8 эсебинде утуп алды. Россиялык спортчуну уткандыгы үчүн мелдештин жарым финалына өттү.


Жарым финалда кыргызстандык спортчу россиялык Светлана Липатова менен кармашып, 3:1 эсебинде аны да жеңип, мелдештин финалына чыкты.


Финалда канадалык Ана Паула Годинезди 7:1 эсебинде артта калтырган Айсулуу Тыныбекова алтын медалга татыды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн