Бугу 17, 2024
Убакыт: 13:16
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Айсулуу Тыныбекова Садыр Жапаровго колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди

23.08.2021 14:14
892
Айсулуу Тыныбекова Садыр Жапаровго колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди

Токио шаарында өткөн Олимпиада оюндарында күмүш медаль уткан Айсулуу Тыныбекова президент Садыр Жапаровго ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасына жазды.


"Урматтуу достор!


Бүгүн эмгегибиз дагы бир ирээт бааланып, машыктыруучуларыбыз жана ата-энелерибиз менен сүйүнүп отурабыз!


Мага II даражадагы «Манас» ордени ыйгарылды. Бул мен үчүн өтө чоң жоопкерчилик!


Мындан сырткары, 10 млн сомдук сертификатка ээ болдук.


«Toyota RAV4» үлгүсүндөгү авто унаанын ачкычы да тапшырылды. Президентибиз Садыр Жапаров бул белекти жеке өзүнүн атынан ыйгарды. Мен үчүн бул күтүүсүз болду! Терең ыраазычылык айтам, Садыр Нургожоевич!",- деп билдирүү калтырган балбан кыз.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн