Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 23:38
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Айсулуу Тыныбекова: Спорттук карьерам аяктаганга чейин саясатка аттанбайм

12.08.2020 13:18
1060
Айсулуу Тыныбекова: Спорттук карьерам аяктаганга чейин саясатка аттанбайм


Спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова күзүндө боло турган парламенттик шайлоо тууралуу социалдык тармак аркылуу үн катты.


Балбан айым учурда саясатка эмес, машыгууга араң убакыт таап жатканын айтат.


“Күзүндө Кыргызстанда парламенттик шайлоо өткөнү турат. Буга байланыштуу төмөндөгү өз ниетимди билдирип койгум келди. Мен спорттук карьерам аяктаганга чейин саясатка аттанбайм жана аралашпайм! Себеби, саясат спортчунун алдына койгон максатына жетүүсүнө тоскоол болушу мүмкүн. Учурда 2021-жылы боло турган Олимпиада оюндарына өз машыгууларымды баштадым. Бул Олимпиадада чоң ийгилик жаратуум керек. Ал үчүн тынымсыз машыгып жатам. Менин убактым саясатка эмес, машыгууга араң жетүүдө. Мага Кыргызстандын желегин дүйнө жүзүнө желбиретүү өтө маанилүү. Жүрөгүмдө дайыма кыргызстандыктар жана күйөрмандарым”, - деген балбан Тыныбекова.





Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн