Украинанын көрүнүктүү балбандарын жана машыктыруучуларын эскерүүгө арналган күрөш боюнча эл аралык мелдеш 26-28-февраль күндөрү Киев шаарында (Украина) өтөт. Бул тууралуу АКИпресс жазды.
КР Күрөш федерациясынан билдиришкендей, башкы машыктыруучу Нурбек Изабековдун жетекчилиги астында аялдар арасындагы Кыргызстандын курама командасынан 5 спортчу катышат.
57 кг чейин - Сезим Жуманазарова
59 кг чейин - Назира Марсбек кызы
62 кг чейин - Айсулуу Тыныбекова
68 кг чейин - Мээрим Жуманазарова
76 кг чейин - Айпери Медет кызы
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн