Бугу 05, 2024
Убакыт: 02:43
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Айсулуу Тыныбекова Венгриядагы рейтингдик мелдеште алтын утту

15.07.2023 12:48
1041
Айсулуу Тыныбекова Венгриядагы рейтингдик мелдеште алтын утту


Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова Венгрияда өтүп жаткан эл аралык рейтингдик мелдеште алтын медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Тыныбекова 62 кг салмакта мелдештин 1/16 финалынан баштап катышты.

Кыргыз балбаны катары менен 4 жеңишке жетип, алтын үчүн кармашта болгариялык спортчу Биляна Дудова менен кез келип, жеңишти 2:1 эсебинде илип кетти.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командаларынын мүчөлөрү Венгриянын Будапешт шаарында 13-16-июль күндөрү өтүп жаткан “Polyak Imre & Varga Janos Memorial” эл аралык рейтингдик мелдешине катышууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн