2-10-октябрда Норвегиянын борбору Осло шаарында кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпиондугуна Олимпиада оюндарынын күмүш медаль ээси Айсулуу Тыныбекова жана коло медаль ээси Мээрим Жуманазарова катышат. Бул тууралуу Жаштар, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Мындан сырткары, Олимпиада оюндарынын катышуучусу Айпери Медет кызы катышат.
62 килограммга чейин - Айсулуу Тыныбекова;
68 килограммга чейин - Мээрим Жуманазарова;
76 килограммга чейин - Айпери Медет кызы.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн