Бугу 10, 2024
Убакыт: 01:27
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Айсулуу Тыныбекова Загребде биринчи атаандашына жеңилип калды

03.02.2023 15:58
569
Айсулуу Тыныбекова Загребде биринчи атаандашына жеңилип калды

Айсулуу Тыныбекова Хорватиядагы Zagreb Open эл аралык рейтингдик мелдешинде алгачкы атаандашына утулуп калды. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) сайтында айтылат.


Мелдеш 1-5-февралда Загреб шаарында өтүүдө.


Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча 62 кг салмакта мелдештин тандоо турунда кытайлык Сяоцзюнь Луо (Xiaojuan Luo) менен күрөштү. Тыныбекова канчалык аракет кылганына карабастан атаандашы эки жолу төрт упай илип кетти. Жыйынтыгында ал кыргыз спортчуну 10:4 эсебинде утуп алды. Эгер Луо финалга чыга турган болсо, Тыныбекова коло үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн