Бугу 15, 2024
Убакыт: 01:24
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Айсулуу Тыныбекова атаандашынын далысын жерге басып финалга чыкты

22.04.2022 11:43
738
Айсулуу Тыныбекова атаандашынын далысын жерге басып финалга чыкты

Айсулуу Тыныбекова Монголиядагы кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионатынын финалына чыкты. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында айтылат.


Мелдештин чейрек финалында Тыныбекова 62 кг салмакта монголиялык Болдсайханы Хонгорзулга каршы чыгып, өзүнүн бутка кирүү ыкмасы менен атаандашын 7:3 эсебинде жеңип кетти. Кийин кармашы өзбекстандык Набира Есенбаева менен болду. Айсулуу башында эле атаандашынын бутуна кирип, далысын жерге басып, ишенимдүү түрдө финалга өттү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн