Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 10:01
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Айсулуу Тыныбекова Дүйнө кубогунда алтын тагынды

16.12.2020 07:16
558
Айсулуу Тыныбекова Дүйнө кубогунда алтын тагынды

Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова спорттук күрөш боюнча Сербияда өтүп жаткан Дүйнө кубогунда чемпион болду. Мелдештин жүрүшүн Дүйнөлүк күрөш уюмунун (UWW) расмий сайты түз көрсөтүп жатат.


Чечүүчү финалдык кармашта кыргызстандык спортчу кыз латвиялык Анастасия Григорьеваны 14:0 эсебинде утуп алды.


Жарым финалда атаандашы россиялык Любовь Овчарова болуп, аны 13:2 эсебинде жеңген. Ага чейинки түркиялык жана румыниялык балбандарды таза жеңиш менен уткан.


Айсулуу Тыныбекова өткөн жылы Казакстандын Нур-Султан шаарында өткөн дүйнө биринчилигинде да чемпион болгон.


Эскерте кетсек, кыргызстандык дагы бир балбан кыз Мээрим Жуманазарова Дүйнө кубогу мелдешинин 68 килограмм салмактагылар арасында финалга чыкты. Эми алтын байге үчүн эртең чехиялык Адела Ханзликович менен кармашат.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Сабыр Тилегенов
АЙСУЛУУ АЗАМАТСЫҢ!МЭЭРИМГЕ БҮГҮН ИЙГИЛИК КААЛАЙМ!!!СЕН ДА ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНУ БОЛ!!!!