Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 03:33
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Айсулуу Тыныбекова дүйнөдөгү эң мыкты күрөшчү айымы деп табылды

05.12.2020 06:38
655
Айсулуу Тыныбекова дүйнөдөгү эң мыкты күрөшчү айымы деп табылды


Бириккен күрөш дүйнөсү уюму кыз-келиндер күрөшүнүн тарыхындагы эң мыкты балбанды аныктоо үчүн онлайн сурамжылоо өткөрдү.


Анда Кыргызстандын атынан балбан кыз Айсулуу Тыныбекова да катышып, кыз-келиндер арасында мыкты балбан наамы үчүн онлайн-мелдеште жеңишке жетишти.


Ошентип, Тыныбековага 170 миң 989 адам добуш берди. Ал финалда атаандашы Индиянын спортчу айымда артта калтырды. Атаандашына 121 миң 907 адам добуш берген.


Уюмдун “Инстаграмдагы” баракчасы аркылуу өтүп жаткан сурамжылоого дүйнөдөгү мыкты балбан айымдар киригизилген.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
СабырТилегенов
Сен кыргыз элинин сыймыгысыңАЙСУЛУУ!