Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) рейтингинде 6-орунга түшүп, Жоламан Шаршенбеков 1-орунга чыкты.
Тыныбекова 62 кг салмакта кыз-келиндер күрөшү боюнча рейтингде 33 миң упай менен алтынчы сапта турса, Шаршенбеков 60 кг салмакта грек-рим күрөшү боюнча рейтингде 55 миң упай менен экинчи орундан биринчиге көтөрүлдү.
Ал эми Акжол Махмудов 77 кг салмакта 55 миң упай менен үчүнчү саптан экинчиге чыкты, 77 кг салмакта биринчи орунда түркиялык Юнус Башар турат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн