Бугу 20, 2024
Убакыт: 03:26
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Айсулуу Тыныбекова кыргыз элине билдирүү жасады

04.08.2021 23:07
494
Айсулуу Тыныбекова кыргыз элине билдирүү жасады


Токиодо өтүп жаткан 32-жайкы Олимпиаданын күмүш медалынын ээси кыргызстандык Айсулуу Тыныбекова жалпы кыргыз элине билдирүү таратты. 


Ал колдоолорго, каалоо-тилектер үчүн ыраазычыылык билдирип, кийинки кыргыз спортчуларына ийгилик каалады.


"Кадырлуу кыргыз элим!


Ушул күнгө чейин мени колдоп, демиме дем кошкон ар бириңиздердин каалоо-тилектериңиздерге ийилип таазим кылам!Азыр ичимде эмоциялар кайнап, чынын айтсам ыйлагым келип турат... Спорт мени мындай учурларда күчтүү болууга үйрөттү. Такшалдык!


Айта турчу сөз көп. Дагы кенен пикир алмашабыз.


Азыр болсо өлкө намысын кийинки беттештерде коргой турчу спортчуларыбызга ийгилик каалайм! Кыргыз элимдин алтынга болгон үмүтү үчүн күрөшүңүздөр! Алга!


Баары жакшы! Сиздердин колдооңуздар мени дагы да чыйралтат!", - деди кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн