Бугу 03, 2024
Убакыт: 10:11
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Айсулуу Тыныбекова менен Эрназар Акматалиев жарым финалга чыкты

04.10.2021 17:35
1075
Айсулуу Тыныбекова менен Эрназар Акматалиев жарым финалга чыкты

Норвегиянын борбору Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионатында кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова жарым финалга чыкты.


Тыныбекова 62 кг салмакта мелдештин 1/8 финалынан баштап катышып, япониялык Нонока Озакини 6:4 эсебинде утуп алды.


Мелдештин чейрек финалында кыргызстандык спортчу белорустук Вераника Иванованын далысын жерге тийгизип жеңип алды.


Акматалиев 70 кг салмакта чемпионаттын тандап алуу баскычынан баштап катышууда. Анын алгачкы атаандашы шри-ланкалык Каруна Пели болуп, мекендешибиз 10:0 эсебинде аны жеңип алды.


Мелдештин 1/8 финалында Акматалиев армениялык Арман Андреасян менен килем үстүнө чыгып, аны 11:2 эсебинде артта калтырды.


Кийинки чейрек финалда кыргызстандык балбан ирандык Эрфан Элахи менен кармашып, акыркы мүнөттөрдө эки балбан тең бири-бирин артка чапканга жетишти. Калыстардын узак чечими менен жеңишти Акматалиев илип кетти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн