Айсулуу Тыныбекова Токио Олимпидасынан кийин акырындап өзүнүн спортук формасына келип жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын улук машыктыруучу Байгазы Кенжебаев УТРК Спорт телеканалына билдирди.
“Бул спортто боло турган нерсе. Аны машыктыруучу штаб жакшы түшүнөт. Анткени чоң спортто форманы бир калыпта кармап туруу өтө кыйын”, - дейт машыктыруучу.
Кенжебаев спортчу кыздар 2022-жылды Сербиядагы дүйнө чемпионаты менен жыйынтыктай турганын маалымдады.
“Эми башкы машыктыруучу менен чогуу кеңешип, кийинки жылга план түзөбүз”, - деди ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн