Бугу 11, 2024
Убакыт: 16:21
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Айсулуу биринчи, Мээрим экинчи. Дүйнөлүк рейтингде кыргыз балбандарынын рейтинги көтөрүлдү

12.10.2021 11:26
1042
Айсулуу биринчи, Мээрим экинчи. Дүйнөлүк рейтингде кыргыз балбандарынын рейтинги көтөрүлдү

Кыргызстандык спортчулар спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынан кийин United World Wrestling уюмунун рейтингинде алдыңкы саптарга көтөрүлдү. Бул тууралуу аталган уюмдун сайтында айтылат.


Эскерте кетсек, Осло шаарында өткөн Дүйнө чемпионатында Айсулуу Тыныбекова менен Мээрим Жуманазарова алтын, Айпери Медет кызы (кыз-келиндер арасында) коло, Жоламан Шаршенбеков (грек-рим күрөшү) күмүш, Эрназар Акматалиев күмүш, ал эми Алибек Осмонов (эркин күрөш) коло медаль багындырган.


Мелдештен кийин кыргыз балбандарынын рейтинги тизменин алдыңкы саптарына чыкты.


Чемпионатта алтын уткан Айсулуу Тыныбекова 62 кг салмакта United World Wrestling уюмунун тизмесинин биринчи орунун сактап калды. Ал эми Мээрим Жуманазарова 68 кг салмакта тизменин үчүнчү орунунан экинчи сапка көтөрүлдү. Биринчи орунда америкалык Тамира Менса турат. Менса Токио Олимпиадасынын жеңүүчүсү болуп саналат.


Ослодо коло байге жеңген Айпери Медет кызы (76 кг) бир сапка көтөрүлүп, төртүнчү орунга жайгашты.


Грек-рим күрөшү боюнча күмүш медалга ээ болгон Жоламан Шаршенбеков үчүнчү сапка, эркин күрөш боюнча спортчу Эрназар Акматалиев (күмүш медаль) тизменин үчүнчү орунуна, коло байгенин жеңүүчүсү Алибек Осмонов тогузунчу сапка көтөрүлдү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн