Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 19:37
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Айтыла турган сөз эле. Арзымат жана «арзыматчылык»

28.01.2022 19:25
4006
Айтыла турган сөз эле. Арзымат жана «арзыматчылык»


“Арзыматчылык” тууралуу айтардан мурда, Арзымат тууралуу эки ооз кеп.


Айтылуу Арзымат ырчы Жеңдей – Сары уулу 1825-1830-жылдары Талас өрөөнүнүн Калба деген жеринде туулуп, атасы кайтыш болгон соң, энеси Кетмен-Төбөдөгү төркүндөрүнө ооп, Торкенде туруп калышат. Жетим өскөн Арзымат кериле кетмен чаап, турмуш-тириликке тың чыгып, бирин-экин мал улап, эр жеткенде, мал-келдүү, бардар адамдардын катарына кошулат. Алдына миң кой, он үйүр жылкы айдаган бай болбосо да, өз оокатына тың, мингенге аты белен, ичкенге тамак-ашы кенен, кийими бүтүн, ток казан адам болуптур. Тарыхый маалыматтарга караганда, Арзымат бир эмес эки аял алган, көзү тирүүсүндө өзүнө күмбөз тургуздурган. Күмбөзү тууралуу белгилүү тарыхчылардын бири Октябрь Капалбаевдин өз оозунан укту элек. 


Бул маалыматтардын өзү Арзымат кайсы бир байдын улагасын сагалап, жугунду аңдыган, эшик ырчы болгон деп бир кылым бою биздин коомдук аң-сезимибизге сиңирип келген “арзыматчылыкты” четке кагат. Өз оокатына тың адам кара курсагын тойгузуш үчүн бирөөнүн эшигин сагалап, эшик ырчысы болушу мүмкүн эмес. 


Эми “эшик ырчы” деген ким?”,  “эмне үчүн Арзыматты “садагага сары улак” чабышкан?” деген суроолорго жооп издеп көрөлү. 


Чындыгында, “эшик ырчы” деген ким?” деген суроого так кесер жооп айтууга таптакыр мүмкүн эмес. Мисалы, “Нурмолдо, Жеңижок, Барпынын айтышы” аттуу элге кеңири белгилүү айтыш бар.  


Анда “илгери Аксынын Кызыл-Жарынын Кароо деген жеринде Ташкул деген бай той берип, тойго Аксынын Авлетиминен Сулайманкул датка, Кара-Суудан Алишер казы, Баялы бий, Садыр бий, Жеңижок, Азилбек, Жээнмырза деген ырчылар, Тегенеден Осмонбек болуш, Малгандыдан Субан болуш, Ныязаалы комузчу, өнөрпоздор болуп топурап келип түшсө, Анжиян жаккы кыргыздардан: жедигерлик Семетей болуш баштаган чангенттик Нишанбай бий, Багыштагы Түлөкө бий, Чөкөтай, Жолдош деген байлары менен Барпы деген акыны менен булар да тойго келишкени» айтылат. Минтип той-аштарда эл жакшылары менен бирге, аларды жандап ырчылары, комузчулары, балбандары, алгыр кушу, күлүк аттары келгени кадыресе салтка айланган көрүнүш болгон. Мына ушуга карап эле, Жеңижокту Сулайманкул датканын, Барпыны Түлөкө бийдин ырчысы кылып, экөөн да “эшик ырчы” деп жыйынтык чыгаруу жарабаган иш. 


Тойдо Жеңижок Сулайманкул датканы ээрчип келип тим болбой, той ээси Ташкул бай: «Жеңижок, Нурмолдо экөөбүңөр азыртан баштап, тойго жарчысыңар, ырыңарды баштагыла!» дегенде, Нурмолдо той ээси Ташкул байдан баштабастан, Сулайманкул даткалар отурган жакты карап:


Аргымак аттай арыштап,

Атан төөдөй даткам ай! - деп баштаганда эле “Жеңижок сөздү илгиртпей илип алып:


Асылым, датка төрөнү,

Айбанга теңеп айтасың.

Айнып кеттиң, Молдоке,

Аркаңды көздөй кайтасың!..

Төрөдөй айкөл адамды,

Төөгө теңеп айтасың.

Дөөрүп кеттиң, Нурмолдо,

Төмөндү көздөй кайтасың!..

Атан төөдөй деп айтып,

Адамды дагы кордойбу!

Аксакал болгон чагыңда,

Абайлап айтсаң  болбойбу?!.

Ажынын уулу даткам ай,

Айбатың элден башкам ай.

Сулайманкул даткам ай,

Сымбатың журттан башкам ай!

Аксыдан чыккан даткасың.

Азыркынын Манасы,

Акының кантип айтпасын!

Жеримден чыккан даткасың,

Жергелүү элдин Кошою,

Жеңижок кантип айтпасын!..

Кокондон келген төрөлөр,

Кол куушуруп, кол берген.

Кошойдой журттун башчысы,

Кожодой сыйлап, жол берген!

Анжияндын акими.

..................................., - деп далай мактоону жаадырат. 


Муну биз ойлоп тапкан жокпуз. Жеңижоктун, Барпыны китептеринде байма бай жарыяланып эле келатат. Биздин айталы дегенибиз, эми ушул мактоосу үчүн эле Жеңижок элдик акын болбой калабы? 


Дегеле, Сулайманкул датканын Жеңижоктун жашоосунда орду чоң адам. Көк сулууну Аркыттан чыккан Артыкбай баласына алпергенде Сулайманкул бийлигине жана байлыгына таянып, Жеңижокко тартып алып бергени да тарыхта ак-карасынан жазылып турат. Бирок, бул окуянын өзү да бизге Жеңижок “эшик ырчы” деп айтканга жол бербейт.


Акындар санат-насыят, терме, “Аккан суу”, “Айт, айт десе”, “Дүнүйө” баштаган философиялык, дидактикалык мүнөздөгү көркөм туундуларды, жергебиздин кооз сулуулугун даңазалаган ырларды ырдоо менен бирге, айрым учурларда, асыресе той-аштарда, же эл топтолгон жыйындарда, айтор жагдай-шартка жараша элге төбөсү көрүнгөн адамдарга, аш-той ээлерине, же келген меймандарга, же топтолгон элдин арасындагы кадырлуу-сыйлуу адамдарга карата бирде көтөрө чалып, мактоого алып, бирде кирген буурадай каптап ырдаган учурлары болгон. Себеби, ырчылык өнөрдүн табияты ошондой. Белгилүү болгондой, мактоонун обьектиси да, сындын бутасы да көбүнчө элге төбөсү көрүнгөн адамдар болушкан.  “Нурмолдо, Жеңижок, Барпынын айтышы” - ырчылыктын табияты менен байланышкан ошол традицияны гана тастыктап турат.


Акындар поэзиясынын тарыхынан бир эле ырчы бир эле манапты же болушту бирде мактап ырдаса, бирде каптап ырдаган учурларын кездештиребиз. Алтын жаак Үмөталы ырчынын өмүр жолунда андай фактылар арбын. Анын Карабаш Кудайберген, Кызылбаш Кудайберген карата ырдаган ырларында, бирдесе мактап ырдаса, бирде каптап ырдайт. Бир эле Үмөталы эмес, бул тенденцияны аны менен замандаш өткөн кылымдарда жашаган дээрлик ар бир акындардан учуратабыз. 


 Тилекке каршы, заманга, доорго жараша “Кыргыз совет адабиятынын” гүлдөп турган доорунда адабиятчыларыбыз ак таңдай акындарды шарттуу түрдө “демократ акын”, “эшик ырчы” де экиге бөлүп, адабияттагы партиялуулук принциби, тап маселеси алдыңкы планга чыккан. Соцреализмдин ушул принциптеринен улам төкмө акындарыбыз эки лагерге бөлүнүп калган. Эми мунун майда-чүйдөсүнө чейин териштирип айтып майдаланып отурбайлы. Кыскасы, заман ошондой болгон. 


Бүгүн бизге бир нерсе анык. Арзымат ырчыны “эшик ырчы” атап, андан эл душманын жасагандардын өзү социалисттик идеологиянын “эшик ырчылары”, өздөрүнүн тили менен айтканда “Арзыматтар” болушкан. Болбосо, алар өздөрү жашаган системанын “эшик ырчылары” – “Арзыматтары” болбосо, акындар тарыхын бурмалабай болгонун болгондой, ашырбай да кемитпей жазыш керек эле.


Болуптур адабият тарыхы социдеологиядан улам бурмаланып, аң-сезимдүү түрдө эле каталыктарга жол берилген экен. Анда эмнеге акыркы 30 жылда тарыхка, анын ичинде адабиятка кайрадан баа берилип келаткан менен, сөз Арзыматка келип такалганда бул темадан кыйгап өткөн “арзыматчылык” уланууда. Мунун өзү бизге акындар поэзиясын изилдеген адабиятчыларга абийир деле апкелбейт. Арадан 100 жыл өтөбү же миң жыл өтөбү тарыхты өз ордуна коюп, “арзыматчылыкты” токтотушубуз керек. 


Өткөндө белгилүү эки адабиятчы менен Арзымат темасында сүйлөшүп калсак, алар Арзымат кыйын акын болсо, жок дегенде эки сап ыры эл оозунда сакталып калат эле го дешет. Арзыматтын Жолой деген уулунан Тургуналысы сөз баккан, бир укканын унутпаган, куйма кулак адам болгон экен. Бүгүн УИАнын Кол жазмалар фондусунда Тургуналы Жолоев тапшырган элдик оозеки чыгармачылыктын үлгүлөрүнүн арасында Токтогулдун, Жеңижоктун, Барпынын, Чоңдунун, Кара Курмандын, кыскасы акындар поэзиясы гүлдөп турган доордогу көп акындардын ырлары бар. Далай-далай акындардын ырларын эл арасынан мыскалдап чогулткан адам өз чоң атасынын ырларынан эки ооз сөз жыйнабай коюшу мүмкүн эмес. Сөз жок жыйнаган, УИАнын Кол жазмалар фондуна башка кол жазмалар менен кошо тапшырганында да талаш жок. Ал эми эгер Арзыматка байланыштуу ал кол жазмалар Кол жазмалар фондунда сакталбаган болсо, адабиятчылар адабият тарыхына кайдыгер мамиле жасаса, анда буга Тургуналы Жолоев же сөөгү алда качан  эле сөпөт болгон Арзымат ырчынын күнөөсү болбосо керек. Мен ушул эң жөнөкөй нерсени башкаларды айтпайын, ушул эки адабиятчы досума түшүндүрө албай койдум.


Союз убагында көп жылдар Талас райондук гезитинин башкы редактору болуп турган Түлөн Акматалиев бир жолу “Мен Жолоев Тургуналы аксакалды көрүп калдым. Анда ал пенсияга чыгып калган курагы эле. Үйүнүн жол тарабындагы отургучта күнөстөп отурчу. Улуу кишиге кайрылып, учурашып калсак, Арзыматтан кеп козгоп, чоң атасы тууралуу чындыкты кайра жазуу керектигин айтып, Т.Усубалиевге кайра-кайра арыз жазганын, эч кандай жооп болбой жатканын айтып, колундагы таягы жер чапкылап калчу эле” – деп айтканы эсибизде.


Эгер Арзымат тууралуу тарыхый маалымат бурмаланган болсо, небереси Тургуналы Жолоев эмне үчүн өз убагында бу маселени көтөргөн эмес дегендер да издетпей табылаар.  Аларга акын жана журналист Исабек Токтогуловдун: “Арзымат өзүнө ишенбегенби же артын ойлогонбу, айтор өзү тирүү кезинде өзүнүн ашын бердирди. Кеңеш өкмөтү жеңгенден кийин көзү тирүүсүндө аш берген Арзыматтын небереси деп Жолойдун уулу Тургуналыны жоопко тартып жиберишкени да ошондон. Арзымат уруусун төмөндөгүдөй сүрүп жүрүшөт.


Жолойдон: Кыпчакбай, Тургуналы, Тургунбай, Сулайман. Тургунбайдын кызы Роза. Анын күйөөсү Арстанбеков Жолдошбек өмүр бою аскер комиссариатында иштеди. Анын уулу Советбек авто-куруучу. Үчүнчү уулу Тургуналы Жолоев абактан келгенден кийин ага акын Ж.Бөкөнбаев учурап калат. Жоомарт аны атайын чакырып сыйлап, мейман кылып: «Сенин чоң атаң Арзымат ырчыны жамандап койдум капа болбо» деп ага ат мингизген дейт. Тургуналынын арманы "эмнеге жамандадың" деп айтпаганы экен. Анын күмбөзү Калбада курулган” – деген эскерүүсү жооп болот го деген ойдобуз.


Жоомарт Бөкөнбаевдин Тургуналы Жолоевдин алдынан өтүп ат мингизип, чоң атаң Арзымат ырчыны жамандап койдум, капа болбо” дегенинин өзүндө Арзымат ырчынын эмнеге садагага сары улак чабылып кеткенинин сыры жатат. 


Жоомарт үчүн Арзыматтын жерлиги кетментөбөлүк эмес, башка жерлик жана бардар адам болгону, көзү тирүүсүндө өзүнө күмбөз тургуздурганы, баш көтөргөн небереси Жолойдун абакта жатып чыкканы оңдой берди болгон. Ошентип, кыргыздын Стальский, Жамбылын чыгарыш максатында, социдеологиянын кылычын чапкан акыныбыз Токтогулду элдик “демократ акын” кылып көрсөтүш үчүн Арзыматты каралап, тарыхты одоно бурмалап, аны “эшик ырчы”, бирөөлөрдүн “жугундукору” кылып салган.


Кыскасы, Жоомарт Бөкөнбаевден башталган “арзыматчылык” бүгүн да өз жашоосун сүрүп жатат. Арийне, канчалык тарыхты, анын ичинде адабият тарыхын бурмалабайлы, биз тарыхты тапанча менен атсак, тарых бизди акыры бир күн замбирек менен атат.


Болотбек Таштанов, журналист 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн