Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 07:17
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Айтылуу Акимжан Муйбиллаев кимдер менен кызматташууда?

11.11.2021 13:30
2948
Айтылуу Акимжан Муйбиллаев кимдер менен кызматташууда?


Курманбек Бакиевдин доорунда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматын (Финансы полициясы) жетектеген Акимжан Муйбиллаевге 2010-жылдагы апрель окуясынан кийин кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланган эле. Ал кездеги Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орунбасары Азимбек Бекназаров маалымат жыйынында Муйбиллаев баш болгон 10 адамга экономикалык кылмыштары үчүн издөө жарыяланганын шардана кылган. Атүгүл, издөөдө жүргөн адамдардын дарегин так көрсөтүп, алар тууралуу конкреттүү маалымат бергендерге 20 миң доллардан 100 миң долларга чейин сыйлык сайылганы кабарланганын укканбыз. Акимжан мырзага карата ачылган иштердин андан кийинки тагдыры коомчулукка белгисиз. Болгону мындан эки жыл мурда чуулгандуу иште аты аталып, жамы журтка бир дүң эткен.


Ошондон бери Муйбиллаевдин дайыны чыкпай калган. Парламенттик шайлоого старт берилип, үгүт кампаниясы кызуу жүрүп жатканы анын оппозициялык маанайдагы партиялардын биринин лидери менен тымызын кызматташууга өткөнү тууралуу кеп-сөздөргө өзү эмне дээр экен? Экс-финполчу өзүнүн таржымалы жана акыркы мезгилдеги ишмердүүлүгү тууралуу пикирин билдирем десе, ага сайтыбыздан орун берүүгө даярбыз. Акимжан мырзанын баштан ашкан байлыгы, өзүнө карата ачылган кылмыш иштин кантип жабылганы, апрель окуясынан кийинки басып өткөн жолу элдин бүйүрүн кызытат эмеспи.


Азырынча суроо салып туралы. Каарманыбыз тууралуу айтылчу кеп алдыда...


Алтынбек Өмүралиев

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн