Тогуздун айы 11, 2025
Убакыт: 09:53
USD
87.30
87.80
EUR
100.70
101.70
RUB
1.070
1.095

Айтматов районунда 6 млн сомдук жер тилкелери мамлекетке кайтарылды

23.05.2025 17:29
239
Айтматов районунда 6 млн сомдук жер тилкелери мамлекетке кайтарылды


Айтматов районунда мыйзамсыз менчиктештирилген 6 млн сомдук жер тилкелер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.


Маалыматка ылайык, Айтматов райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Жоон-Дөбө айылында жайгашкан турмуш тиричилик үйүнүн 0,33 га жана райондук ооруканага тиешелүү 0,62 га жер тилкеси жеке жактардын менчигине мыйзамсыз берилип кеткендиги аныкталган.


Көрүлгөн прокурордук чаралардын негизинде жалпы баасы 6 млн сомдук жогоруда белгиленген мүлкттөр мамлекетке кайтарылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн