Аяк оона 17, 2024
Убакыт: 01:46
USD
84.40
84.90
EUR
93.20
94.20
RUB
0.915
0.960

Айтматов районунун прокурорунун жардамчысы пара менен кармалды

29.07.2024 15:08
217
Айтматов районунун прокурорунун жардамчысы пара менен кармалды


Айтматов районунун прокурорунун жардамчысы пара менен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

Маалыматка ылайык, Талас облусунун Айтматов районунун прокурорунун улук жардамчысы (Бакай-Ата району боюнча прокурордун мурдагы орун басары) С.Р.Т. компаниянын жетекчисинен мамлекеттин пайдасына салыктык чегерүүлөргө байланыштуу маселелерди чечүү үчүн 100 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылган.

УКМК Башкы прокуратуранын ички чалгындоо кызматы менен биргеликте 25-июлда Талас облусунун Айтматов районунун прокурорунун улук жардамчысы С.Р.Т. 90 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен өз иш бөлмөсүндө кармады.

Учурда жогорудагы факт боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүп, С.Р.Т.га карата Талас шаардык соту тарабынан "Камакка алуу" түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалып алынды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн