Аяк оона 08, 2024
Убакыт: 06:47
USD
84.10
84.60
EUR
92.80
93.80
RUB
0.920
0.960

Айтурган Маматкулованын өлүмү боюнча козголгон кылмыш иши Башкы прокуратуранын көзөмөлүндө

17.07.2024 14:25
133
Айтурган Маматкулованын өлүмү боюнча козголгон кылмыш иши Башкы прокуратуранын көзөмөлүндө


Айтурган Маматкулованын өлүмү боюнча козголгон кылмыш иши Башкы прокуратуранын көзөмөлүндө. Бул тууралуу башкы көзөмөл органы билдирет.

Маалыматка ылайык, коомчулукта резонанс жараткан 25 жаштагы Маматкулова Айтурган Мустафаевнанын өлүмү боюнча кылмыш иши 12-июлда Бишкек шаарынын Октябрь РИИБи тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренеси (Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) боюнча козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Козголгон иштин алкагында, өлүмдүн так себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Экспертизанын жыйынтыгы менен тийиштүү укуктук баа берилет.

Эскерте кетсек, буга чейин Бишкектин Октябрь райондук милициясы 7-июлда ооруканада каза болгон 25 жаштагы келиндин өлүмү милиция тарабынан териштирилип жаткандыгын билдирген. Келин өз өмүрүнө кол салгандыгы айтылган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн