Бугу 12, 2024
Убакыт: 01:52
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Аюу, суусар, сүлөөсүндүн терисин мыйзамсыз сактап жүргөн жаран кармалды

10.11.2021 13:14
740
Аюу, суусар, сүлөөсүндүн терисин мыйзамсыз сактап жүргөн жаран кармалды

Жалал-Абад облусунун аймагынан курал-жарактар жана сейрек кездешүүчү жаныбарлардын терилери табылды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.


ИИМдин КМКнын 3-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери Жалал-Абад облусунан курал-жарактардын арсеналын табышты. Аксы районунун 47 жаштагы жашоочусу ар кайсы түрдөгү ок атуучу куралдарды мыйзамсыз сактап жүргөн. 


 ИИМдин КМКнын кызматкерлерине азият түспөлүндөгү 40-45 жаштардагы адам өзүнүн үйүндө күжүрмөн ок атуучу куралдарды сактап жүргөндүгү жана уюшкан кылмыштуу топтордун адамдары менен байланышы бар болушу мүмкүн делген ыкчам маалымат келип түшкөн.  



 Бул маалымат кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. 

 

Жогорудагы сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ыкчам-тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн ИИМдин КМКнын 3-башкармалыгынын кызматкерлери Жалал-Абад облусунун Аксы районуна жөнөп кетишкен. 


 Көрүлгөн чаралардын натыйжасында, 2021-жылдын 5-ноябрь күнү Аксы районунун тургуну 1974-жылы туулган Ш.Э. кармалган. 

 Жашаган жерине тинтүү жүргүзүү учурунда курал-жарактардын арсеналы табылды. 

- номуру өчүрүлгөн 7,62 калибрлүү “Сайга” үлгүсүндөгү сайлуу ок атуучу куралы;

- 7,62 калибрлүү “Мосина” үлгүсүндөгү сайлуу ок атуучу куралы (карабин);

- жаралма курал – колго жасалган бычак.

Андан сырткары, шектүүнүн үйүнөн сейрек кездешүүчү жаныбарлардын терилери табылды: аюунун, сүлөөсүндүн, суусардын терилери. Бул жаныбарлар Кызыл китепке киргендигин жана аларды атууга тыюу салынганын белгилеп кетүү керек. 


 Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 253-беренесинин 3-бөлүмү (Ок атуучу куралдарды, ок-даарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүүдө. Азыркы учурда мыйзамсыз аракеттерди жасоого тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана аларды жоопкерчиликке тартуу боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн