Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 01:59
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Айзада Жамгырчиева кайсыл жерде ыктыярчы болуп жүрдү эле?, - журналист

22.07.2020 14:58
1781
Айзада Жамгырчиева кайсыл жерде ыктыярчы болуп жүрдү эле?, - журналист


Кечээ, 21-июлда Сооронбай Жээнбеков коронавируска каршы күрөшүүдө ыктыярчы болуп жүргөн 12 активисттер менен жолуккан. Алардын арасында теле алып баруучу Айзада Жамгырчиева да бар болчу.


Мындан улам журналист Баяна Кулова Айзада Жамгырчиева кайсы жерде ыктыярчы болуп жүргөнүнө кызыгып, өз пикирин социалдык тармакка жарыялады.


“Айзада Жамгырчиева кайсыл жерде ыктыярчы болуп жүрдү эле? Эл эч жерден көрбөптүр, мен эле эмес!!

Кечээ эле иши жок калдым картошка алгыла деп кыйкырып ролик тартып жүрдү беле? Же Анжеликага барып бир аз акча берип койгону ыктыярдык кылууга кирип калганбы?


Ушундан көрү президенттин жолугушуусуна Эрнест Бөрүбаевди, же Алтынай Нарбаеваны кошуп койсоңор болмок, эл дагы ыраазы болуп калмак. Же тизме түзгөндөрдүн арасында тааныш билиш болуп кеттиби? Үнүн көтөрүп сүйлөп, кемсинте карап каада күтүптүр болушунча. Жакшынакай кирип чыкса бир жөн. Бирдеме көргөндөрдү киргизбейт белеңер өлкө башчысына. Мейли барса барыптыр, өзүн алып жүргөнү кантет. Көкүрөгүн болушунча ачып соц тармактагылар какшап аткан сөздү эле кайталаптыр. Американы ачып ийсе бир жөн.


Дагы жакшы сүрөттө ачылып чачылган көкүрөгүн суунун бөтөлкөсү жаап калыптыр. Кокус ал болбогондо баары көрүнүп уят болмок. Атасынан улуу кишинин алдына баратат, дресс код, кыргыздын уят ар намысы деген бар. Манастан бери келе жаткан кыз дегендин эркектин, элдин алдында кымырып кымтынып олтурат деген салтыбызды унутуп калган го. Көрбөгөндүн көргөнү курусун, шалактап жүрүп көнгөн да. Андай жолугушуулардын чекесине катышпаса кантсин байкуш, далактаган бойдон чуркап кеткен окшойт”, - дейт Кулова.




Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Асан
Айзада ыктыярчы эмес пиарчы.