Соттук-медициналык экспертизада Бишкекте уурдалган Айзада Канатбекова киши колдуу болгонго чейин зордукталганы аныкталды. Бул тууралуу маркумдун жакындарынын адвокаты Нурбек Токтакунов билдирди.
"Бишкек шаардык милициясы Айзаданын өлүмүнө байланыштуу кылмыш ишин тергеп бүтүп, сотко жөнөттү. Анда Замирбек Теңизбаевге "адам уурдоо, өлтүрүү жана зордуктоо" беренелери менен айып коюлду. Ишти иликтөөдө маркум зордукталганы аныкталды. Айзада каршылык көрсөткөн. Эспертизада анын буту-колдору тытылганы, көгөргөнү аныкталды", -деди Токтакунов.
Адвокат милиция ишти шашылыш тергеп сотко жөнөткөнүн, анда кайсы бир жагдайлар, маселен Айзада үзүлгөн убакыт аныкталбай калганын, ошондой эле милиция маркумду ыкчам, баарылап издегени тууралуу жасалма документтерди сотко жөнөткөн материалдарга тиркеп койгонун белгиледи.
Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы мындай дооматтарга азырынча комментарий бере элек.
Булак: "Азаттык" үналгысы
Пикирлер (1)