Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 00:29
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Айзаданы уурдоого шектүү окуя кандай болгонун айтып берди

11.06.2021 10:58
1958
Айзаданы уурдоого шектүү окуя кандай болгонун айтып берди

Бүгүн Биринчи Май райондук сотунда Айзада Канатбекованын уурдалышы боюнча соттук отурум өтүүдө. 


Уурдоого шектүүлөрдүн бири Орузбек Нурумбетов окуя кандай болгонун айтып берди. 


"Замир менин таанышым болот. Ал мага келип "2 жылдан бери сүйлөшкөн кызым бар. Ошону ала качканга жардам бер" деди. Мен макул болдум. Биз кызды Тыныстанов-Медеров көчөлөрүнүн кесилишинен күтүп турдук. Айзада келди. Замир өзүм сүйлөшөм деп унаадан түшүп кетти. Кыз каршылык көрсөттү. Мен барып колунан тартып унаага отургуздум. Кыз унаада тынч отурда. Мен "Айзададан неге кеч баш кошуп жатасыңар? Сен макулсуңбу?" деп сурадым. Ал макулмун деген жообун берип, "Замир башка кыздар менен да сүйлөшөт ошон үчүн кеч баш кошуп жатабыз" деди. 


Мен №47 колониянын жанына келгенде унаадан түшүп калдым. Кийин Замирге жазсам, Ош тарапка кетип жатканын айтты. Андан кийин эле Айзаданын уурдалганы интернетке чыкты. 2 сааттан кийин мени милиция келип кармап кетти",- деди шектүү Нурумбетов.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн