Ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча биринчи соттук отурум 27-май күнү Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда башталат. Бул тууралуу Айзада Канатбекованын жактоочусу Нурбек Токтакунов билдирди.
"Айзаданын өлүмү боюнча кылмыш иши аны өлтүрүп, андан соң жанын кыйган Замирбек Теңизбаевдин өлүмүнө байланыштуу өндүрүштөн кыскартылды. Ал эми милиция кызматкерлеринин шалаакы мамилеси боюнча сотко чейинки өндүрүштү УКМК карап жатат", - деди Токтакунов.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн