Аяк оона 23, 2025
Убакыт: 18:25
USD
87.30
87.80
EUR
102.60
103.60
RUB
1.040
1.075

Айзаданын өлүмү боюнча Бишкек ШИИББдин башчысы кечирим сурады

08.04.2021 10:45
827
Айзаданын өлүмү боюнча Бишкек ШИИББдин башчысы кечирим сурады

8-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Бакыт Матмусаев уурдалып өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын туугандарынан жана жакындарынан кечирим сурады.


«Мен Айзаданын үй-бүлөсүнөн жана жакындарынан кечирим сурайм. Мен ата-энелердин башынан өтүп жаткан кайгыны түшүнүп турам», - деди ал.


Борбор калаанын милициясынын башчысы ал ала качууга каршы болгонун белгиледи. Ал ошондой эле отставкага кетүү боюнча төмөндөгүдөй пикирин айтты:


"Мен азыр бул кылмышты ачышым керек. Бул ишти аягына чыгарып, кылмышка шектүүлөрдү кармашым керек",- деп жооп берди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн