Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Айзаданын өлүмү боюнча Ички иштер министри Улан Ниязбековдун отчетун угууда.
Шайлообек Атазов эмне үчүн Кыргызстанда кылмыштуулук өсүп жатканына жана Айзаданын өлүмүнө министр жооп береби деп кызыкты.
"Мен жоопкериликтен качкан жокмун. Айзаданын өлүмүндө мен өзүмдү моралдык жактан күнөөлүү деп эсептейм. Экспертизанын жыйынтыгы бүгүн же эртең даяр болот.
Ал эми кылмыштуулук саны статистика боюнча 2020-жылга карата быйыл аз катталды",- деди министр.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн