Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 11:47
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Айзаданын өлүмүнө байланыштуу кызматтан алынган жетекчилердин ордуна жаңы жетекчилер дайындалды (тизме)

10.04.2021 11:04
989
Айзаданын өлүмүнө байланыштуу кызматтан алынган жетекчилердин ордуна жаңы жетекчилер дайындалды (тизме)



Милициянын полковниги Азамат Ногойбаев Бишкек ШИИББнын начальнигинин кызматтык милдеттерин убактылуу аткарууга дайындалды. Ал буга чейин Кыргыз Республикасынын ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын Үчүнчү башкармалыгынын (Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча башкармалыгы) Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы менен өз ара аракеттешүү бөлүмүнүн начальниги болуп иштеген. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.


Милициянын полковниги Т. Тюкебаев Бишкек ШИИББдин начальнигинин орун басарынын кызматтык милдеттерин убактылуу аткарууга дайындалды. Ал буга чейин Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз РИИБдин начальниги болуп иштеп келген.


Милициянын полковниги К. Курманалиева, Бишкек ШИИББнын Тергөө кызматынын начальниги кызматына дайындалды. Ал буга чейин Бишкек ШИИББнын Тергөө кызматынын начальнигинин орун басары кызматында иштеп келген.


Милициянын полковниги М.Ниязалиев Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБнын начальниги кызматына дайындалды. Ал буга чейин ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын начальнигинин орун басары кызматында иштеп келген.


Милициянын подполковниги У.Орозалиев Бишкек ШИИББнын Криминалдык милиция кызматынын начальнигинин орун басары кызматынан бошотулуп, ошол эле шаардын Биринчи Май РИИБнын начальнигинин ыкчам иштери боюнча орун басары кызматына дайындалды.


Милициянын подполковниги Р. Бердибаев, Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнын начальнигинин сотко чейинки өндүрүш боюнча орун басары кызматынан бошотулуп, ошол эле шаардын Биринчи Май РИИБнын начальнигинин сотко чейинки өндүрүш боюнча орун басары кызматына дайындалды.


Милициянын полковниги Ж.Шералиев, Бишкек ШИИББнын коомдук коопсуздук кызматынын начальнигинин орун басары кызматынан бошотулуп, ошол эле шаардын Биринчи Май РИИБнын начальнигинин орун басары, ал эле коомдук коопсуздук кызматынын начальниги кызматына дайындалды.


Милициянын майору Б. Турапова Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматынын өзгөчө маанилүү иштерди тергөө боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары кызматынан бошотулуп, Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнын начальнигинин сотко чейинки өндүрүш боюнча орун басары кызматына дайындалды.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн