Бугу 17, 2024
Убакыт: 17:45
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Айзаданын өлүмүнө шектүүлөрдүн бири кармалды

08.04.2021 16:49
840
Айзаданын өлүмүнө шектүүлөрдүн бири кармалды

Киши колдуу болуп каза болгон Айзада Канатбекованын окуясына катыштыгы бар делинип дагы бир шектүү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан кабарлашты.


Ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө ала качууга катыштыгы бар делинген дагы бир шектүү Бишкек шаарынын аймагында жүргөндүгү аныкталып, кармалды. Кармалган жаран 1989-жылы туулган З.Р. экени белгилүү болуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.


Учурда окуя боюнча тиешелүү тергөө иштери улантылууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн