Бугу 04, 2024
Убакыт: 10:15
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Айзаданын өлүмүнөн кийин иштен бошотулган Бишкек ШИИБдин мурдагы жетекчиси жол кырсыгына кабылды

01.11.2021 11:12
1347
Айзаданын өлүмүнөн кийин иштен бошотулган Бишкек ШИИБдин мурдагы жетекчиси жол кырсыгына кабылды

Ички иштер министринин кеңешчиси, Бишкек шаардык милициясынын мурдагы башчысы Бакыт Матмусаев жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар билдирди.


Маалым болгондой, жол кырсыгы Жукеев-Пудовкин көчөсү менен Суеркулов көчөсүнүн кесилишинде болгон. Toyota Camry унаасын башкарып бара жаткан Матмусаев Daewoo Matis жана Mazda Tribute  унаалары менен кагылышкан. Кырсыктан үч адам жабыркаган. Матмусаевдин абалы жакшы экени айтылды.


Бакыт Матмусаев Бишкек шаардык милициясынын башчылыгынан Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу кеткен.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн