Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 11:56
USD
86.50
86.85
EUR
90.40
91.40
RUB
0.855
0.885

Айзаданын жана аны өлтүргөн жарандын жансыз денесинин сүрөтүн жарыялаган үч милицияга жаза берилди

21.04.2021 09:46
1134
Айзаданын жана аны өлтүргөн жарандын жансыз денесинин сүрөтүн жарыялаган үч милицияга жаза берилди

Айзада Канатбекова киши колдуу болгон жердин сүрөтүн жарыялаган үч милиция кызматкери жазаланды. Бул тууралуу Чүй облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.


Социалдык тармактарга тарап кеткен сүрөт, анын ичинде кылмыш катталган жерге ташталган медициналык кол каптар боюнча фактынын негизинде кызматтык иликтөө жүргүзүлгөн. Иликтөөнүн башкы максаты милдетин так аткарбай, көңүл кош мамиле жасаган кызматкерлерди жоопко тартуу болгон.


Төмөндө милиция кызматкерлерине берилген жаза:

Аламүдүн РИИБдин жоруктар бөлүмүнүн кызматкери, милициянын лейтенанты А. Экеевге катуу сөгүш;

Аламүдүн РИИБдин криминалдык милиция кызматынын жетекчиси, милициянын майору К. Самаевге катуу сөгүш;

Аламүдүн РИИБдин Криминалдык топту коштоп жүрүүчү инспектор-криминалист, милициянын капитаны М. Янванчиновго кызматына дал келбестиги боюнча эскертүү.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн