Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 13:01
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Айжан Чыныбаева Бишкектеги мектеп, бала бакчаларды ачуу боюнча ата-энелер менен чогулуш өткөрүүдө

12.02.2021 17:10
881
Айжан Чыныбаева Бишкектеги мектеп, бала бакчаларды ачуу боюнча ата-энелер менен чогулуш өткөрүүдө

Бүгүн, 12-февралда калаада социалдык маселелер боюнча вице-мэр Айжан Чыныбаеванын катышуусунда жыйын өтүүдө. Ага Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Билим берүү министрлигинин өкүлдөрү, ата-энелер, мектеп жана бала бакчалардын жетекчилери катышууда.


Анда борбор калаадагы мектептерди, бала бакчаларды ачуу маселеси талкууланып жатат.

"Биз мектепти ачууну каалайбыз. Бирок кооптонуп жатабыз. Себеби мектепте балдардын саны көп, алар бири-бири менен байланышат. Эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен ачуу максатка ылайык", - деди вице-мэр.


Ошондой эле учурда коронавируска каршы эмдөө жүргүзүлбөгөндүктөн мектептерде окуучулардын саны көп болгону үчүн кооптуулук бар.


Буга чейин ата-энелерде мектептерди, бала бакчаларды ачуу боюнча эки түрдүү пикир айтып келишкен. Кай бирлери балдар үйдө онлайн окуп тажашты, жетиштүү билим албай калышты десе, кээ бирлери мектептер ачылбасын деген өңдүү пикирлерин айтып келишкен.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн