Бугу 03, 2024
Убакыт: 14:33
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Айжан Чыныбаева: Партияларга иштегени аныкталган мектеп директорлору менен башкача сүйлөшөм

26.03.2021 13:46
679
Айжан Чыныбаева: Партияларга иштегени аныкталган мектеп директорлору менен башкача сүйлөшөм

Шаардык кеңешке аттанып жаткан партияларга иштегени аныкталган директорлор менен башкача сүйлөшөм. Мындай пикирин вице-мэр Айжан Чыныбаева бүгүнкү жыйында билдирди. 


Анын айтымында, шайлоо таза өтүүсү үчүн мектеп директорлору шайлоо кампаниясынан алыш турушу керек. 


"Шайлоолор ачык-айкын өтүшү керек. Бирок чейин да биз айрым директорлорго эскертүү бергенбиз. Шайлоо кампаниясынан, үгүт иштеринен алыс болушуңуздарды суранам. Сиздер саясаттын адамы эмессиздер. Эгер кайсы бир партияга иштегени аныкталса, ал директорлор менен башкача сүйлөшөм",- деди Чыныбаева.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Мелис
29- школдун директору менен суйлошо аласызбы?Колунуздан келсе башкасын койунуз.