Республика боюнча 2800 үй-бүлө жеке бизнесин баштоо үчүн 100 миң сом өлчөмүндө грант алды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдады.
Билдирмеге караганда, муктаж үй-бүлөлөргө каражат "Социалдык контракт" долбоорунун алкагында берилген.
"Социалдык контракт" долбоорун ишке ашыруу алкагында өлкө боюнча жалпысынан 2800 аз камсыз үй-бүлөгө 292 миллион сом бөлүндү. Каражат аз камсыз үй-бүлөлөргө чакан ишкердик жүргүзүү үчүн берилип жатат.
Бүгүнкү күндө Бишкек шаарында 350 аз камсыз үй-бүлөгө 35 млн сом бөлүндү. Анын ичинен 60тан ашык үй-бүлө сертификатка ээ болду.
Бул долбоор жылдын башында – Кадамжай жана Жумгал районунда башталган.
Министрлик долбоордун буга чейинки катышуучулары айыл чарба, кызмат көрсөтүү, тигүү иши, үй чарбасы, соода тармактары боюнча ишкерликти бир нече айдын ичинде эле ийгиликтүү ишке ашырып жатканын кошумчалады.
Эскерте кетсек, аталган долбоор үстүбүздөгү жылдын башында башталган. Буга чейин Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги долбоор 2023-жылы да уланып, аз камсыз болгон 10 миң үй-бүлөгө бизнес ачуу үчүн 100 миң сомдон берүү пландалып жатканын билдирген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн