Бугу 20, 2024
Убакыт: 20:48
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Аз камсыз үй-бүлөлөргө берилген ундан курт чыккан эмес, - Өкмөт

07.04.2020 19:01
816
Аз камсыз үй-бүлөлөргө берилген ундан курт чыккан эмес, - Өкмөт


Өкмөткө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кампаларындагы ундун сапаты байма-бай текшерилип турат. Даяр продукцияны сактоо эрежелери коюлган бардык талаптарга жооп берет, деп билдиришти өкмөттөн

Белгилей кетсек, социалдык тармактарда Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун запасынан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө кайтарымсыз гуманитардык жардам иретинде таратылган ундан курт чыккандыгы тууралуу маалымат чыккан.

Жардамга муктаждарга таратуу үчүн ун Бишкек шаарына «Кант-Дан-Азык» акционердик коомунун жана Кара-Балта шаарында жайгашкан «Дан» мамлекеттик ишканасынын кампаларынан алынып келинген. Аталган комбинаттарда I жана II сорттогу даяр ун атайын текшерилди. Натыйжада № 56 электен өткөрүлгөн ундан эч кандай курт чыккан эмес. 

«Кант-Дан-Азык» акционердик коомунда жана «Дан» мамлекеттик ишканасында даяр продукциянын сапаты үзгүлтүксүз текшерилип турат. 

Белгилей кетүүчү нерсе, социалдык тармактарда тараган видеодо көрсөтүлгөн ундан чыккан курт ундун курту эмес. Бул мөмө-жемиш бактарында болуучу курт-кумурсканын түрү болуп саналат.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн