Бугу 20, 2024
Убакыт: 07:08
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Аз жумушчулары бар ишканалардын ишине уруксат берүү зарыл, - Токтошев

24.04.2020 16:01
954
Аз жумушчулары бар ишканалардын ишине уруксат берүү зарыл, - Токтошев


Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу орто жана чакан өндүрүш ишканаларына жеңилдик берилиши керек. Бул тууралуу бүгүн, 24-апрелде Парламентаризм сабактары" талкуусунда айтылды.


Ага депутаттар Абдывахап Нурбаев менен Эмил Токтошев катышып, өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал маалында чакан жана орто бизнеске кандай колдоо керектиги тууралуу пикирлери менен бөлүшүп, сунуштарын айтышты.


Депутат Эмил Токтошев кыйын кырдаалда экономикалык туруктуулукту жана жумушчу орундарын сактап калуу мамлекеттин башкы максаты экенин белгилеп, “аз сандагы жумушчулар иштеген тейлөө жана кызмат көрсөтүү тармагындагы ишканалардын ишине уруксат берүү зарыл, - деди.


Депутат Абдывахап Нурбаев калкты жалпы тесттен өткөрүү менен ишканаларынын ишин улантып жаткан Корея менен Чехиянын тажрыйбасын карап көрүү маанилүү экенин кошумчалады.

Ошондой эле эл өкүлү насыя жана салык төгүмдөрүн кечиктирип төлөөгө алты айлык мөөнөт берүү жана "Россия-Кыргыз өнүгүү фондунун" каражаттарын гранттык негизде пайдалануу учур талабы экенине токтолду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн