Чын курандын 15, 2025
Убакыт: 14:05
USD
87.40
87.80
EUR
98.80
99.80
RUB
1.035
1.085

Аза күтүү күнү: Казакстандыктар коронавирустан каза болгон адамдарды эскеришти (видео)

13.07.2020 14:21
973
Аза күтүү күнү: Казакстандыктар коронавирустан каза болгон адамдарды эскеришти (видео)

Бүгүн, 13-июль Казакстанда коронавирустан каза болгон адамдарды эскерүү үчүн жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланган. Жергиликтүү убакыт боюнча саат 12:00дө өлкө боюнча бир мүнөттүк аза күтүү болгонун Tengrinews.kz. жазды. 

Ак ордонун алдында президент Касым-Жомарт Токаев жана башка мамлекеттик кызматкерлер коронавирус пандемиясынын курмандыктарын эскеришти.

Социалдык тармактарда казакстандыктар аза күтүү күнүндөгү видеолор менен бөлүшүүдө. 

Алмата шаарындагы №3 ооруканасынын медициналык кызматкерлери көчөгө чыгып, коронавирустан каза тапкан бейтаптарды эскеришти. 

Акыркы маалыматтар боюнча, Казакстанда коронавирустан 375 адам көз жумган. 





Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн