Жогорку Кеңештин депутаты Азамат Арапбаев мурдагы премьер-министр Сапар Исаков менен Стамбул шаарында жолугушканы тууралуу маалыматты төгүндөдү. Бул тууралуу ал "Вести.кг" басылмасына билдирди.
Анын айтымында, маалымат ойдон чыгарылган жомок.
"Мен Сапар Исаков менен жолугушкан эмесмин. Мен Стамбулга транзиттик учак менен конгонмун. Бул жомокту кайдагы Шахерезада ойлоп тапкан",- деди Арапбаев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн