Бугу 20, 2024
Убакыт: 03:09
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Азамат Арапбаев «үч фронтто» иштеп жатабы?

24.05.2021 10:27
3684
Азамат Арапбаев «үч фронтто» иштеп жатабы?


Интернеттеги социалдык түйүндөрдө Жогорку Кеңештин депутаты Азамат Арапбаев бир эле учурда бийликке, ага катар эле оппозициячыл партияларга да финансылык жардам көрсөтүп жатканы тууралуу жаза башташты. Андагы маалыматтарга таянсак, Арапбаев Ош шаарынын мэрлик кызмат ордуна өз кишисин алып барууну пландап жаткан экен. Анысы мурда өзүнүн цемент заводунда иштеп кеткен киши экенин да жазышкан.


Ошондой эле аны башкы прокурор Курманкул Зулушевдин атын жамынып, президент Садыр Жапаровдун беделине доо кетирген иш-аракеттерди жасап жатат деп жазышууда социалдык түйүндөрдө. Анын кандай гана бийлик келбесин тилин таап, берчүсүн берип, өзүнүн бизнес империясын улам өнүктүрүп жатканын айтышат. «Атамбаевдин убагында Азамат Арапбаев өзүнүн бизнес-империясын сактап калуу үчүн Араван цемент заводундагы үлүшүнүн бир бөлүгүн Сапар Исаковго өткөрүп берген. Ошондой эле Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаевдин жетекчилиги астында түзүлгөн «КСД» саясий партиясын Арапбаевдин толугу менен каржылагандыгы тууралуу маалымат бар», - деп жазылат анда.


Дал ушул партия аркылуу Арапбаевдин бир тууганы Султан Абдуллажанов Бишкек шаардык кеңешине болгон шайлоодо ат салышканын, ал эми агасынын уулу «Республика» партиясын каржылай турганы айтылат. Себеби, Асель аттуу тууганы ушул партия аркылуу шаардык кеңешке талапкерлигин койгон экен. Мындан сырткары Арапбаевдер «Ата-Журт Кыргызстан» партиясын да каржылашканын, себеби анын жакын санаалашы Тилек Аким ушул партиядан талапкер болгону айтылган.


Ошондо Азамат Арапбаев бир эле учурда «үч фронтто» «ойноп» жаткан болобу? Атамбаевдин убагында чындап эле Сапар Исаков менен жакын мамиледе болгону тар чөйрөгө жакшы белгилүү. Азыр жаңы бийликти колдогондой болуп жатканы менен, тымызын Атамбаевдин балдары менен да кызматташып, аларды каржылап жатканын кандай түшүнсөк болот? Ошол эле учурда Бабановдун партиясынан да алыстай албай, ага да өзүнүн тууганын талапкер катары киргизип койгону кызык.


Мамлекетти ойлогон чыныгы саясатчынын бекем позициясы болушу керек. Ал эми жеке бизнесинин кызыкчылыгы үчүн ар кандай «запасной аэродромдорду» алдын-ала даярдап коюп жүргөн саясатчыда кайдагы мекенчилдик, патриоттук дух болот? Эгер бул социалдык түйүндөрдө жазылган маалыматтар жалган десе, анда Арапбаев мырза өзү бир үн катып койгону оң. Болбосо, эртерээк позициясын тактап алганы туура болор.


Канатбек Аскаров

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн