Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 11:37
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Азамат Арнабек уулу: “Балыкчыга электромобиль заводун куруу демилгеси көтөрүлдү”

05.06.2021 12:37
2150
Азамат Арнабек уулу: “Балыкчыга электромобиль заводун куруу демилгеси көтөрүлдү”


- Азамат, шаардын жетекчиси катары айтсаң, Балыкчыга электромобиль заводун куруу боюнча жакшы демилге ким тараптан болду?


- Түштүк Корея тараптан демилге болду. Анткени, Тоң менен Балыкчы шаарынын ортосунда 500 гектардай стратегиялык багытта жер бар болчу, аларда бул боюнча толук маалыматтар бар экен. Анүстүнө Балыкчы шаары тогуз жолдун тоому, поезд каттайт. Түндүк-түштүк альтернатива жолу, мына ушу жагын карап атышат. 


- Канча инвестициялык каражат салынары боюнча сүйлөшүлдүбү?


- Старттык баасы 200 миллион долларлык инвестиция. Ошол эле учурда “өзүңүздөрдүн миң баланы заводдун адистигине окутабыз, мындан сырткары 10 миңдей жергиликтүү тургундар жумуш орду менен камсыз болот” дешти.


- Эгер иш башталса, канча жылда завод курулуп, ишке киришет экен?


- Учурда өкмөткө да киришип, сөздөрүн бышыкташып, анан жакынкы арада эле баштай турган болуп атышат. Жараткандан тиленип отурабыз. Кыргызстан эле эмес, Орто Азия мамлекеттерин камсыз кыла турган ниеттери бар экен. 


- Завод курулуп калса жылына канча машине чыга турган кубаттуулугу бар?


- Биринчи этапта 65 миң, кийинкилеринде 300 миңден ашык машине чыгат өңдүү, бул сандар убагында да тактала турган маселе.


- Бир электромобилдин наркы кандай болчудай?


- Орто эсеп менен 3 миң долларга токтойт экен. 10 жыл кепилдигин айтып атышат...  

 

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн