Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 11:20
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Азамат Дыйканбаев мамлекеттик IТ-ишканаларындагы нааразычылыктардын чоо жайын түшүндүрдү

27.04.2021 21:52
3760
Азамат Дыйканбаев мамлекеттик IТ-ишканаларындагы нааразычылыктардын чоо жайын түшүндүрдү


Санариптештирүүнү өнүктүрүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу Азамат Дыйканбаев төмөндөгү маегинде, мамлекеттик IT-ишканасындагы нааразычылыктар, анын мурдагы жетекчисинин кызматтан кетүүсү жана бул тармакты мындан аркы өнүктүрүү аракеттери тууралуу сөз кылды.   

 

- Кыргызстандын мамлекеттик IT-ишканаларынын башчылары тармакка зыяндуу таасирин тийгизип жатат жана башка деп ар түрдүү ЖМКлар жазып жатышат?

 

- Сиздин сурооӊуздагы чечүүчү маанидеги сөз - мамлекеттик. Азыркы учурда ар бир министрликте, комитетте, ал гана эмес айрым кызматтарда да IT чөйрөсүндөгү ведомстволук уюмдар бар. Мамлекеттик түзүмдөрдө болсо 10-12ге жакын МИ бар экендигин санап чыкса болот. Мисалга, «Айыл маалымат», ЦЭЗ, «Инфоком».

 

Бул ишканалардын көпчүлүгү өзүн өзү камсыздоочулар болуп саналышат. Мисалга, ЦЭЗ аз иштеп тапкандыктан ага ылайык эмгек акылары дагы аз. Мен муну менен эмнени айткым келип жатат? Алар өздөрүнүн тапкан пайдаларына жараша өздөрүнүн чыгашаларын пландоолору керек. Анын ичинде эмгек акыларды дагы. Сиздер билгендей, мамлекеттик ишканалар мыйзам боюнча өздөрү тапкан пайданын 50%ын бюджетке которуп, өз кызматчылары жана өлкө үчүн иштөөлөрү керек. Бирок, беш ишкананын ичинен үчөө дотацияда жана субсидия менен каржыланат. Менин оюмча бул натыйжасыз башкаруу жана начар менеджерликтен башка нерсе болушу мүмкүн эмес. Ошол эле учурда булардын бардыгы сиз менен биздин акчаларыбыздын эсебинен, биздин салыктарыбыздан каржыланып жатат.

 

Менин божомолум боюнча, бул аракеттер администрациянын чыгымдарын кыскартууга жана аларды туура нукка салууга багытталган. Ошондой эле аларга эч ким акционерлик кылбай тургандыгын бекем ишенич менен айта алам. Оптималдаштыруу администрациялык жагына гана тиешелүү, программисттер жана системалык администраторлор сыяктуу техникалык кызматчылар мурдагы боюнча эле калышат. Функционалдын бардыгы жана иштин баары иштеле берет. Бир гана коркунуч - мурдагы жетекчилер кызматчыларды тымызын ишти үзгүлтүккө учуратууга түртө башташат.

 

- Ушул өӊүттөн алып силер ишембилик өткөрүп жатасыӊар, IT-секторго колдоо көрсөткөн сыяктанып, айтишниктер көпчүлүктү түзүшүүдө.

 

- ЖМКдагы эӊ күлкүлүү учур ушул. Эмнеге? Анткени мамлекеттик ишканалар ПМ менен болгон жолугушууга, андан улам, ПМ катышкан ишембиликке да катышкан эмес экендигин айткым келет. Көӊүл борбору IT жеке секторлору менен байланышчыларга бөлүнгөн. Бул, Өкмөт биздин ишканачылардын боорукердигин эсинен чыгарбайт жана баалайт деп жеке секторлорго жиберген билдирмеси болчу. Биздин баарыбыздын билишибизче пандемиянын мезгилинде алар коронавирус менен ооругандарга жардам кылууда, онлайн билим берүү учурунда окуучуларга жардамдашууда, финансылык жардам берүүлөрдө, медицина кызматчыларын, муктаж жарандарга жардам көрсөтүүлөр боюнча долбоорлордун демилгелечилери болушкан.

 

Кислороддук аппараттар ал жетишпеген учурларда таратылган, поликлиниканын тиркемесинде Online-жазылууда, өлкөнүн дарыгерлери үчүн бекер байланышта, Online-окутууда, тарифтерди/балансты нөлгө чыгарууда жана башка көп иштерде.  

 

Менин ишкер досум бар, анын апасы дарыгер, ал өлкөдөгү жалпы татаал абалды көрүп алып, ал кыйынчылыктар менен беттешип көрүп, жарым миллион сомдук жардам көрсөткөн. 

 

- Жеке компаниялардын чегерүүлөрүнүн жана «Коопсуз шаар» долбоорунун эсебинен Маалыматтык технологияларды өнүктүрүү фондун түзүүгө аракет кылуу, бул эмне деген фонд?

 

- Чынын айтканда мага да кызыктуу болуп жатат, бул эмне деген демилге. Өкмөт менен СӨМК бул демилге жөнүндө билбейт. Мүмкүн чын эле IT-ишканалардын айрым кара ниет жетекчилеринин коррупциялашкан жана түшүнүксүз түзүмдү түзүүгө болгон кандайдыр бир аракети болуп жүрбөсүн.

 

- Маалыматтарды болушунча децентрализация кылуу кибер-чабуулдарга жана башка катаклизмаларга болгон туруктуулукту күчөтпөйбү?

 

- Бул экинчи күлкүлүү учур. 5 мамлекеттик ишкананын ичинен бирөөндө гана өзүнүн МИБ жана маалыматтар массиви бар. Калгандары болсо ар кайсы жерлерден ижарага алышат. Бир сөз менен айтканда толугу менен баш-аламандык жана кибер-коопсуздук жөнүндө айтканга тилиӊ да бурулбайт.

 

- Ишканалар маалыматтарды бир жерге топтоого каршы чыгышкан, ошол үчүн жазаланышкан жана директорлор жумушунан алынган деген чынбы?


- Толугу менен туура эмес. Аларда, маалыматтардын бардыгын бир жерге топтоо керек же болбосо жумуштан кетесиӊер деген кагаз же документ барбы деп сурагым келет? Же алардын буга макул эместигин белгилеген кагаз бар болду бекен? 

 

Өкмөт тарабынан мындай ойлонулбаган кадам болгон эмес. Ар бир жетекчи өзүнүн иш тилкеси үчүн жекече жооп берет. Менин оюмча, IT чөйрөсүнүн эксперттери бул ишканалар жөнүндө кызыктуу фактыларда дагы айтышат.

 

Азыркы учурда таасир этүү чөйрөсүндө катуу кармаш жүрүүдө. Бардык тараптан басым болууда. Эгерде «өлкө үчүн» деген бийик сөздөн четкерээк чыксак, бардыгы акча үчүн, бардыгы таасирин күчөтүү үчүн, гранттарды бөлүп алуу үчүн болуп жаткандыгы байкалат. Элде айтылгандай, грант жегичтер бардык мамлекеттик органдарга колдорун салышууда. 

 

- АОС жана мамлекеттик IT чөйрөнүн катышы эмнеде?

 

- АОСтор байланыш чөйрөсүндөгү коррупцияны тартипке келтирет. Биз бардыгыбыз жыштык деген эмне экендигин жана аны кымбатыраак кылып кайра сатса болоорун билип калдык. Байланыш чөйрөсүн жаӊырткан жазык иштери көптөргө уйку бербей келет. АОС IT чөйрөсү менен эмес, байланыш маселелери менен алектениши керек.

 

- Чындыгында эле тажрыйбасы жоктор өз уставы менен чиркөөгө келип жатышабы жана ансыз деле укмуштуудай иштеп жаткан ишти кайрадан түзүп чыкканга аракет кылышуудабы?

 

- Мен сиз кимди цитата кылып айтып жаткандыгыӊызды түшүндүм. 2019-жылы Азис Абакиров паспорттор менен билинип калган Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлеринин оозунан көбүк чыкканча коргогондугу эсимде. Ошондо ал дагы, өлкөдөгү санариптештирүү процесси үзгүлтүккө учурап калышы мүмкүн. Мындан ары квалификациялуу жана компотенттүү адистер мамлекет менен иштөөдөн баш тартышат деп айткан. Эки жыл өткөндөн кийин ал айтты, квалификациялуу адистерди жумуштан бошоттум деп. Өзүнө өзү каршы сүйлөп жатат. Анын айткандарына карабастан, эки жыл ичинде көптөгөн иштер жасалды.

 

Мына эми, “Инфоком” санариптештирүүнүн алдыӊкыларынын бири болгон жана Абакировдун досу жана соратниги Талант Абдуллаевди күнөөлү деп табышкандыгына карабастан алдыӊкы орунда кала берди. Таӊ калычтуу.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн