Бугу 19, 2024
Убакыт: 02:38
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Азамат Темиркулов: Быйылкы туристтик мезгилде эс алуудан көп адам кооптонот (маек)

08.06.2020 10:43
1719
Азамат Темиркулов: Быйылкы туристтик мезгилде эс алуудан көп адам кооптонот (маек)


Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда өткөн жылы туризм тармагынан түшкөн кирешеси 613 млн долларды түзгөн. Быйыл болсо пандемияга байланыштуу бул тармактын өнүгүшү кыйла солгундамай болду.


Айрым эксперттер Ысык-Көлдөгү жайкы эс алуу мезгили пландагыдай болбой турганын божомолдошууда. Себеби коронавирус инфекциясынын жайылуусунан улам чет жактан элдер келбей турганын айтып жатышат. Бирок ошого карабай 1-июнда туристтик мезгилди расмий ачууну жарыялашты. Учурда пансионаттар, ден соолук чыңдоо комплекстери, жаратылыш парктары, пляждар жана башка бардык субъекттери иштей баштады.



Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловдун айтымында, чет жактан келе турган туристтердин катары канчага кыскарышын так айтуу азырынча эрте, бирок бул тармактан түшө турган киреше 40 пайыздан 60 пайызга чейин төмөндөөсү күтүлүп жатат. Андыктан Кыргызстандагы туроператорлор ички туристтерге көбүрөөк көңүл буруп, жок дегенде жергиликтүү элди тартууга аракет жасалышы керектиги милдеттендирилип жатат.


Мына ушул максаттагы аракеттердин бири - министрлик тарабынан “Ардактуу турист” наамын алууга сынак жарыяланды. Бул үчүн талапкерлер «Бурана», «Өзгөн», «Таш-Рабат», «Сары Челек», Манастын күмбөзү, Сан Таш, Сказка каньону, «Арсланбап», «Сулайман-Тоо» жана «Шах-Фазилге» барып, сүрөткө түшүп, Туризм департаментинин Facebook баракчасына жөнөтүү керек, ошондой эле сүрөттөрдү Уникалдуу Кыргызстан хештеги менен жеке социалдык тармактардагы баракчаларга жарыялоосу шарт.



Мындай аракеттер туризм секторун калыбына келтирүүдө кандай таасир бере алат, деги эле быйылкы сезон канчалык жемиштүү болушу мүмкүн жана дагы деле өз күчүн жогото элек коронавирус илдети коркунуч алып келиши мүмкүнбү? Мына ушул маселелер боюнча көз карандысыз саясий серепчи, эксперт Азамат Темиркулов “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине маек берди.


- Айтсаңыз, сиздин болжолуңуз боюнча быйыл туристтик мезгил кандай болушу мүмкүн?


- Азыр Кыргызстанда эле эмес, дүйнө жүзүндө туристтердин, эс алуучулардын саны мурунку жылдагыларга салыштырмалуу албетте азаят. Себеби пандемияга байланышкан карантин кабыл алынганда элдин көбү көчөгө чыкпай, үйдө болуп, бизнестери жабылып калганда экономика артка кетип калды. Эми азыр кайрадан ишкердүүлүк жанданып, ишканалар ачылып, экономика калыбына келе баштады. Бирок эл дагы деле коркуп жатат. Чет өлкөлүк туристтер сырт жакка баргандан бир аз тартынышат деп ойлойм. Коркунучтуу илдет тарап жаткандыктан албетте эс алуудан мурун өзүнүн ден соолугун биринчи ойлойт. Ошондуктан быйылкы сезон анча деле жакшы болбойт деген ойдомун. Бизге көбүнчө Казакстандан, Россиядан келишчү. Азыр ошолордун бары азайышы ыктымал.    


- Министр туристтик пландын аткарылышы 60 пайызга чейин төмөндөшү ыктымалдыгын айтты. Бул канчалык реалдуу?


- Болушу мүмкүн, министр реалдуу эле бааны берип жатат. Албетте, эч ким так айта албайт. Бирок эки эсе төмөндөп кетиши күтүлүп жатат.


- Биздин туроператорлор бул мезгилдин жакшы өтүшү үчүнө кандай чараларды көрсө болот?


- Чындыгында азыр стандарттуу эмес абал жаралып жатат. Муну эч ким билген жок, күткөн да эмес жана даяр дагы эмес эле. Кыргызстандын жакынкы тарыхында болгон мындай абал биринчи ирет катталып жатат, башыбыздан биринчи жолу өткөрүп жатабыз. Ошондуктан бул жерде бир аз фантазия болуш керек. Мисалы Маданият, маалымат жана туризм министрлиги уюштуруп жаткан “Ардактуу турист” сынагы деле стандарттан тышкары жол менен тандалган ыкма. Бирок албетте ушундай чечимдерди кабыл алганы туура. Бул жерде атайын ойлонулуп, алдын ала иштелип чыккан жана натыйжа бере турган сунуштарды бериш керек. Мурунку стандарттуу кадамдар жана чечимдер да бир аз өбөлгө түзө алат. Мисалы салыктарды азайтуу, текшерүүнү токтотуу жолдору дагы жардамын бериши мүмкүн. Бирок анча эмес. Негизгиси эпидемиологиялык кырдаалдан көз каранды болуп турат.



- Өкүнүчтүүсү учурда вирус жуктургандардын саны азайбай жатат, дагы деле абал тынч эмес. Бирок ошого карабай, азыр туристтерди кабыл алууга чакырыктар жүрүп жатат. Экинчи жагынан алганда кооптуу эмеспи?


- Кооптуу албетте. Карантин башталганда вирус тарайт, эпидемия болот деп жаап койгонбуз. Ошол учурда коронавирус аздан катталып жатты, ошентсе дагы алдын алабыз деп жаптык да. Эки айдын ичинде чындыгында аз болду. Карантин алынгандан бери көбөйүп жатат. Бирок ар бир адам карантин жок болсо деле санитардык эрежелерди, эпидемиологиялык нормаларды туура кармап, социалдык аралыкты сактап, өзүнүн өмүрү жана ден соолугу үчүн кам көрсө жакшы болот эле.


- Сиз жеке өзүңүз Ысык-Көлгө барып эс алууну пландап жатасызбы?


- Баргым келет. Азыр коронавирустан коркпогон күндө дагы экинчи маселе турат. Себеби элдин көбү чөнтөгүн ойлоп турган маалы. Эки айлык карантин учурунда жумуш жакшы болбой, үдө отуруп, кошумча каражаттары жок турган маалы. Ошол себептен элдин баары эле бир жакка барып эс алууга, көңүл ачууга акча коротуудан тартынчыктайт деп ойлойм.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн