Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 05:58
USD
86.50
86.85
EUR
91.30
92.30
RUB
0.855
0.885

Азамат Жаманкулов Комуз күнү менен куттуктады

09.09.2022 09:54
2451
Азамат Жаманкулов Комуз күнү менен куттуктады

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри кыргызстандыктарды Комуз күнү менен куттуктады.

Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, куттуктоодо мындай деп айтылат:

"Улуттук маданиятыбыздын сыймыгы, элдик өнөрүбүздүн өзгөчө символу — комуздун күнү менен куттуктайм!

Биздин элибиз үчүн комуз — жөн гана салттуу музыкалык аспап эмес, маданиятыбыздын туу чокусу „Манас“ эпосу менен катар, бабалардын даңктуу жолун урпактарга күү аркылуу жеткирип турган мурас.

Канча жылдар өттү, канча доорлор өттү. Ошол улуу жолубуздун баяны комуз кайрыктарында калып, муундан муунга өтүп, жан дүйнөбүздү ойготуп, улуттук ар-намысыбызды шыктандырып келе жатат.

Рух табериги болгон комуздан керемет чыгармалар жаралып, ал күүлөр философиялык тереңдиги, музыкалык көп түрдүүлүгү менен эл аралык аренада таанылып келет.

2019-жылдан бери белгиленип жаткан Комуз күнү жыл сайын салттуу өткөрүлүп, жакшы жөрөлгөгө айланып, республикабыздын маданий турмушунда мындан ары да өзүнүн татыктуу ордун таба берет.

Кылым карыткан кыргыз комузунун добушу таңшый берсин!".

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн